Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Бишкекте ыш азайганы тууралуу маалымат айтылды. Ага шаардагы санитардык полигон толук өчүрүлүп, түтүндүн азайышы себеп болгон. Кара түтүндү азайтуу үчүн катализаторлорго толук тыюу салуу сунушталды. Ал эми адистер азыр күн жылуу болгону үчүн гана ыш билинбей жатканын айтышат.
Акыркы жылдары Бишкек ыштын көрсөткүчү боюнча дүйнөдөгү булганыч шаарлардын сап башына чыгууда. Муну чечүүнүн жолдору жыл сайын кыш жакындаганда көтөрүлөт, бирок ыш жоголо элек. Өкмөт түтүндү азайтуу үчүн турак жайларды газга өткөрүү ишин жүргүзүүдө.
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында Бишкекте ыш азайганын айтты.
Түлөбаевдин сөзүнө караганда, буга чейин уюшкан кылмыштуу топтор катализатор рыногун көзөмөлдөп турган. Аларга күрөш башталгандан кийин маселе бир аз чечилүүдө.
«Түтүн азайбаса, ушул күздө Акылбек Жапаров менен мэр жооп берет деп айткам. Мына быйыл ыш азайды, кеткен жок, бирок жылыш бар. Газдаштыруу жакшы жүрүп жатат, полигонду жапты, акырындан «Шабыркүл» көмүрүн алып келип азайтып жатат. Түтүн маселеси бир жылда чечилбейт деп айткам, 3-4 жылда чечилет. Биз катализаторго убактылуу эмес, толук тыюу салышыбыз керек. Бул — түтүндүн себептеринин бири. Бишкекте 400 миңдей унаа бар, дагы 100 миң унаа токтойт. 350 миңдей унаада катализатор жок. Кара түтүн боюнча коркунуч Ош шаарында болууда. Аны азыртан чечүү керек».
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев суроолорго жооп берип жатып, он жыл күйгөн санитардык полигон толугу менен өчүрүлгөнүн айтты.
2,5 гектар жердеги таштанды аймагына 850 түп бак-дарак отургузулуп, тамчылатуу жолу менен сугарылат. Министр бул да түтүндүн азайышына себеп болгонун белгиледи.
«Бишкек санитардык полигону 10 жылдан бери күйүп турган. Биздеги маалымат боюнча Бишкектеги түтүндүн 10-15 пайызын түзчү. Быйыл толугу менен өчүрүлдү. 72 гектар жер. 2,5 гектар жерге 850 түп бак-дарак отургузулуп, тамчылатып сугаруу жолу менен сугарылат. Ушундан улам да түтүн 10-15 пайызга азайды деген тыянакка келдик».
2023-жылдын май айында Бишкек мэриясы таштанды таштоочу жайдын активдүү бөлүгүндө пайда болгон өрттүн түтүнүн толугу менен өчүргөнүн билдирген.
Быйыл декабрдын башында Министрлер кабинетинин чечими менен Бишкек мэриясынан абанын сапатын көзөмөлдөй турган кошумча ыйгарым укуктар берилген.
Чечимге ылайык, пилоттук долбоордун алкагында 2024-жылдын 1-январынан тарта Бишкек мэриясы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ченемдик-укуктук актыларын, эки жылдык мөөнөткө транспорт каражаттарын эксплуатациялоого жана техникалык тейлөөгө чыгарууда абаны коргоо боюнча эрежелердин жана башка талаптардын сакталышын көзөмөлдөйт. Ал үчүн кошумча ыйгарым укуктар берилет.
Жаратылыш ресурстары министрлигине пилоттук долбоорду ишке ашырууда мэрияга көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилген.
Ал эми эколог Азат Аламанов Бишкекте ыш азайды деген маалыматты четке кагат.
Анын айтымында, быйылкы кышта аба ырайы жылуу болуп жатканына байланыштуу үй жылытканга муктаждык болбой жатат.
Ошол эле учурда адис ыштын азайганын тастыктаган далил болушу керектигин белгиледи.
Ал шаардагы түтүн менен күрөшүүдө мамлекет тарабынан конкреттүү кадамдар жасалбай жатканын сындады.
«Балбак мырза саясатчы катары жетишкендиктерди көрө бериши мүмкүн. Ал үчүн кандай иш-чаралар аткарылды? Эмненин натыйжасында азайып жатканын далилдеген нерсе болушу керек. Ал азайды десе эле азайып калбайт. Бир чети өтө катуу суук болбой жатат. Буга байланыштуу начар көмүр, дөңгөлөктөрдү, чүпүрөк калдыктарын өрттөбөй жатышат. Быйыл жылдагыдан айырмаланып, аба ырайы жылуу. Ошондуктан анчалык көп электр энергиясын коротуу керек эмес. Ошондой эле үйдү жылытуу үчүн от жагуу да көп керектелбей жатат. Мисалы, кадимки кышта 5,6 чака көмүр жаккан үйлөр, учурда 1 же 2 эле чака көмүр жагуу менен гана чектелүүдө».
Экологдор ыштын көбөйүшүнүн себебин Бишкек жылуулук электр борборунда жагылган көмүрдүн сапатынан көрүшөт. Ошондой эле жаңы конуштардагы жашоочулардын көмүр жакканы менен байланыштырат. Унаалардын көптүгүнөн да шаарда кара түтүн пайда болгону көп жолу айтылды. Ыш менен күрөшүү максатында Бишкек мэриясы 22 отказанды газга өткөргөн.
24-ноябрга карата IQAir эл аралык индексине ылайык, Кыргызстандын борбор калаасынын абасы «орточо» деген көрсөткүч менен 109 өлкөнүн ичинен 37-орунга чыкты.
Алдыңкы тизмеде Индиянын Дели, Колката шаарлары, андан кийин Пакистандын Лохар, Карачи жана Кытайдын Чэнду шаарлары бар. Ал эми ноябрь айындагы көрсөткүчтө Бишкек менен Ташкент да «басы булганыч» делген шаарлардын катарына кирди.