Биз менен байланышыңыз

Кышкы каникулда жол кирени кымбаттаткан айдоочуларга чара көрүлөт

Кыска кабар | 25 Дек 2023 | 112 | 0

Жаңы жыл алдында автобекеттердеги айдоочуларга жол кирени өз алдынча көтөрүүгө жол берилбейт. Бул тууралуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Исралиов онлайн-кеңешмеде билдирди.

Онлайн-кеңешмеде жаңы жыл алдында жол коопсуздугун тыкыр көзөмөлдөө, Бишкектен башка аймактарга жүргүнчү ташыган айдоочулар менен иштешүү маселелери каралды.

Жаңы жыл алдында студенттер, окуучулар, айрым кызматкерлер туулган жерлерине кетерин, мындан улам жүргүнчү көбөйөрүн эске алып, Азамат Исраилов айдоочулардын жол кирени өз алдынча көтөрүп жиберүүсүнө бөгөт коюу, унаа жетишсиздиги байкалган учурда кошумча коомдук унааларды даярдоо тапшырмасын берди.

Аны менен катар жаңы жыл алдында ичкилик ичкен айдоочулардын укук бузууларга барбашы үчүн, ошондой эле ар кандай кырсыктар болуп кетпеши үчүн башкармалыктын кызматкерлерин күчөтүлгөн тартипте иштөөгө чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM