Биз менен байланышыңыз

Сербия: Шайлоого нааразы болгондор күч менен таратылды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Дек 2023 | 341 | 0

Сербиянын борбору Белград шаарында, кечээ, 24-декабрда парламенттик шайлоодогу мыйзам бузууларга карата нааразычылык акциясына чыккан жарандарды көздөн жаш агызуучу газ колдонуп таратышты.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон миңдеген жаран добуштары уурдалганын айтып, өлкө президенти Александр Вучичке карата «Вучич-ууру» деген чакырыктарды таштады.

Нааразычылык акциясында жүздөгөн адамдар борбор калаа мэриясынын имаратына кирүүгө аракет кылган. Полиция аларды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.

Сербияда шайлоо 17-декабрда болуп өткөн. Анда алдын ала маалыматтар боюнча президент Вучичтин оң канат Сербия прогрессив партиясы Элдик ассамблея (бир палаталуу парламент) шайлоолорунда 46,72% добуш алган. Ал эми оппозициялык делген «Сербия зомбулуктарга каршы» тобу 23,56% добуш алган.

Шайлоого байкоочулук кылган ЕККУ, Европарламенттин өкүлдөрү шайлоодо бир катар мыйзам бузуулар добуш сатып алуу, жасалма бюллетендерди урнага таштоо, мажбурлап добуш берүү сыяктуу көрүнүштөргө күбө болгонун билдирген.

Буга нааразы болгон оппозиция 18-декабрда нааразычылык акцияларын баштаган. Алардын талабы: шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM