Connect with us

Президент иш сапар менен Орусияга кетти

Кыска кабар | 24 Дек 2023 | 258 | 0

Бүгүн, 24-декабрда Садыр Жапаров иш сапары менен Орусияга жөнөп кеткенин Президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Санкт-Петербург шаарында өтө турган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) отурумуна, КМШга мүчө мамлекеттердин президенттеринин бейформал саммитине катышат.

ЖЕЭКтин отурумунда 2030-2045-жылдар аралыгындагы Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында кызматташтыкты кеңейтүүнүн милдеттери жана негизги багыттары каралат. Аны менен катар ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода аймагы жөнүндө Макулдашууга кол коюлушу мүмкүн.

КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинде 2023-жылдагы кызматташтыктын жыйынтыгы чыгарылып, алдыдагы негизги милдеттер аныкталат.

Президентти төмөнкү мамлекеттик кызматкерлер коштоп кетти:

  • министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев
  • тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев
  • Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев
  • Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат
  • экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM