Connect with us

Түндүк-Түштүк магистралы 2024-жылы аяктайт

Кыска кабар | 24 Дек 2023 | 365 | 0
Сүрөт "Акипресс" сайтынан алынды

2024-жылы Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2023-жылды жыйынтыктаган жыйында билдирди.

Төрөбаевдин берген маалыматына караганда, кийинки жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде төмөнкү иштер жасалат:

  • Түндүк-Түштүк магистралы пайдаланууга берилет;
  •  «Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду» жолун оңдоо иштери аяктайт;
  • «Түп – Кеген», «Каркыра – Турук – Сары-Жаз», «Балыкчы – Бөкөнбаев – Барскоон», «Нарын – Баетов», «Ала-Бука – Жаны-Базар – Кировка», «Ош – Баткен – Исфана» жолдорун оңдоп-түзөө улантылат;
  • «Корумду – Балбай Баатыр» жолун асфальттоо башталат;
  • Кытай менен үчүнчү кошумча жол – «Бедел» өткөрмө пункту салынат;
  • Эркеч-Тамда төрт тилкелүү «Достук көпүрөсү» ачылат.

Аны менен катар, Каракол тоо лыжа базасына кеткен жолго, «Базар-Коргон – Кызыл-Үңкүр» жолуна, Сары-Челекке кеткен жолго жаңыча шарттагы жайлар ачылат, жолдору оңдолот.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу башталат. «Балыкчы-Кочкор» темир жолунун 20 километри салынат.

Андан тышкары түштүк транспорт коридору аркылуу «Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Каспий деңизи» багыты аркылуу Азербайжан, Орусия, Түркия мамлекеттерине жана Европага чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалымдалды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM