Биз менен байланышыңыз

Опера-балет театрынын директору үй камагына чыкты

Кыска кабар | 22 Дек 2023 | 112 | 0

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Алмазбек Истамбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, директордун баш коргоо чарасы кайрадан каралып, үй камагына алууга чечим чыккан.

Айта кетсек, Алмазбек Истамбаевге УКМК «театрдын карамагындагы мамлекеттик мүлк үчүн ижара келишимдерин түзүүдө кыянатчылыкка барган» деген айып коюп, 1-декабрда камакка алган.

Опера жана балет театрынын директору Алмазбек Истамбаев кармалды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM