Connect with us

ИИМ «ДНК лаборатория» курууну мерчемдеп жатат

Кыска кабар | 22 Дек 2023 | 290 | 0

2024-жылы жарандардын коопсуздугун чыңдоо максатында төрт ири долбоор ишке кирерин Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн, 22-декабрда ички иштер министри Улан Ниязбеков жаңы жылды тосуу учурунда коомдук тартипти сактоо, элге сапаттуу кызмат кылуу, жол коопсуздугуна көзөмөлдү күчөтүү, унаа кырсыктарын болтурбоо чараларын көрүү маселелери боюнча онлайн кеңешме өткөргөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр төрт ири долбоор боюнча келишимдер түзүлүп, макулдашылганын айткан.

2024-жылы төмөнкү төрт долбоор ишке ашат:

  1. Эксперттик-криминалистиканы чыңдоо, кайра куруу жана мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу максатында «ДНК лаборатория» куруу;
  2. Санарип инфратүзүмдү жакшыртуу үчүн «Санарип булут» технологиясын, анын платформаларын түзүү (долбоор маалыматтарды ыкчам алуунун, кылмыш болгон жерде иликтөө жүргүзүүнүн сапатын жакшыртат);
  3. Милициянын көчмө кабылдамаларынын ишин жакшыртуу максатында «Жеткиликтүү милиция» программасын түзүү;
  4. «Экстремизмге жана террорго каршы күрөшүү» борборун түзүү.

Министр бардык иш журттун бейпилдиги үчүн жасалышы керектигин белгилеген. Аны менен катар 15-16-декабрда өткөн Элдик курултайда 63 делегаттан арыз-билдирүү түшкөнүн маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM