Биз менен байланышыңыз

Токмок лицейинин үч окуучусу АКШнын престиждүү окуу жайларына грант утту

Кыска кабар | 21 Дек 2023 | 446 | 0

Жусуп Баласагын атындагы Токмок лицейинин үч окуучусу АКШнын престиждүү университеттерине 70% жеңилдик менен окууга өттү. Бул тууралуу «Сапат» билим берүү мекемесинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Жусуп Баласагын атындагы Токмок лицейинин окуучусу Мустафа Садыров АКШнын Saint Louis University окуу жайына 37 миң АКШ долларында грант утуп алган. Дагы бир окуучу Эрболот Атабеков Dequesne University окуу жайына 70%дык жеңилдик алган. Montana State University окуу жайынан аталган лицейдин дагы бир окуучусу Убылкасымов Журатжан да 48 миң долларлык грант уткан.

Белгилей кетсек, Жусуп Баласагын атындагы Токмок лицейи «Сапат» билим берүү мекемелеринин курамына кирет. Лицейге окуучулар 6-класстан баштап кабыл алынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM