Биз менен байланышыңыз

Быйыл борбордук аянтты жана башкы балатыны жасалгалоого канча сом кеткени айтылды

Кыска кабар | 21 Дек 2023 | 285 | 0

Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтын жаңы жылга карата жасалгалоого жалпы жети жарым миллион сом кеткен (7,5 миллион сом). Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан «Маралга» кабарлашты.

Быйыл мэрия борбордук аянттагы жаңы жылдык майрамда фейерверктер — салют атылбай турганын билдирген.

2020-жылы COVID-19га байланыштуу борбордук аянт мурдагы жылдагы каражаттар менен кооздолгон.

2022-жылды тосууга Бишкек шаардык мэриясы «Бишкек жарык» жарыялаган 5 млн 687 миң сом тендер 25 метрлик балатыдан сырткары аянтты кооздоого сарпталуучу каражат экенин билдирген.

Буга чейин 2021-2022-жылдары жаңы жыл майрамында фейерверк атылган эмес. 2022-жылы мэрия экологиялык абалдын начарлашына байланыштуу жаңы жылдык фейерверктен баш тарткан. Ал эми 2023-жылды тосуп алууда майрамдык салютка 755 миң сом сарпталган.

Былтыр борбор калаадагы башкы балатыны жасалгалоо үчүн 5 млн сом сарпталып, 25 метр узундукта болгон.

Башкы балатыны мэриянын «Бишкек жарык» жана «Тазалык» муниципалдык ишканалары кооздогон. Балаты 2024-жылдын 13-январына чейин борбордук аянтта турары да айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM