Биз менен байланышыңыз

Өлкө аймактарына 6 жылда 77 эстелик тургузуу демилгеленди

Кыска кабар | 21 Дек 2023 | 239 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2024-2030-жылдарда өлкө аймактарына тургузула турган эстеликтер боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Эстелик тургузула тургандардын арасында тарыхый инсандар, адабият, маданият, искусство, илим-билим өкүлдөрү, мамлекеттик ишмерлер, Ооган согушунда, кыргыз-тажик чек ара чатагында курман болгондор жана башкалар бар. Ошол эле учурда Мамат Айбалаев, Гапыр Мадаминов, Самара Токтакунова сыяктуу көзү тирүү инсандардын да эстелигин орнотууга сунуш түшкөн.

Эстеликтерди орнотууну демилге көтөргөн тараптар, аймактардагы, айылдардагы, шаарлардагы жетекчиликтер каржылай турганы айтылган маалыматта.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, 2024-жылдан 2030-жылга чейинки аралыкта Ысык-Көл облусуна 2, Чүй облусуна 19, Талас облусуна 7, Нарын облусуна 7, Жалал-Абад облусуна 13, Ош облусуна 15, Баткен облусуна 13, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын алдына 1 эстелик коюлат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM