Биз менен байланышыңыз

«Манжа менен сезүү» азиздер үчүн сүрөт көргөзмө ачылат

Кыска кабар | 21 Дек 2023 | 182 | 0

Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде «Манжа менен сезүү» аттуу азиздерге арналган көргөзмө ачылат. Бул тууралуу музейдин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт көргөзмө 22-декабрда саат 15:00дө ачылат.

Максаты, азиз адамдардын жашоосун көркөм искусство аркылуу байытуу жана тактилдик скульптура аркылуу алардын баарлашуу жөндөмүн өнүктүрүү болуп саналат.

Көргөзмөдө музейдин коллекциясында көрсөтүлгөн Кыргызстандын белгилүү скульпторлорунун эмгектеринин негизинде скульпторлор Эмил Турдалиев, Тамила Маматова жана Чынтемир Жакшылык уулу гипоаллергендик пластиктен тактилдик скульптураларды жасаган эмгектери көрсөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM