Биз менен байланышыңыз

Кытайдагы жер титирөөдө каза тапкандардын саны өсүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Дек 2023 | 492 | 0

Кытайдын түндүк-батышында болгон жер титирөөдө каза тапкандардын саны 131 кишиге жетти. Бул тууралуу Кытайдын борбордук телеканалына таянып, «Синьхуа» агенттиги билдирди.

Жаңыланган маалыматтар боюнча Гансу провинциясында каза тапкандардын саны 113, Цинхайда 18 кишиге жетти.

Ошондой эле, жаракат алгандардын да саны артты. Жалпы миңге жакын адам ар түрдүү деңгээлде жаракат алган.

Азыркы тапта жер титирөө катталган көпчүлүк аймакта, суу түтүктөрү жабыркаган. Миңдеген имараттар кыйраган.

Жер титирөө 18-декабрь күнү кечинде болуп, магнитудасы 5,9-6,2 баллга жеткен. Зилзаланын очогу Гансу провинциясында болгон.

2008-жылы Кытайдын Сичуан провинциясында соңку жылдардагы эң ири жер титирөөлөрдүн бири катталган. Андагы табият кырсыгы 87 миңдей адамдын өмүрүн алган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM