Биз менен байланышыңыз

Кытайдагы жер титирөө 100дөн ашык адамдын өмүрүн алды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Дек 2023 | 600 | 0

Кытайдын борбордук бөлүгүндө орун алган жер титирөөнүн натыйжасында 111 адам каза болду. Бул тууралуу «Синхуа» агенттиги билдирди.

Жер титирөө Гансу жана Цинхай провинцияларында болду. Эң көп жоготуу Гансу провинциясында болуп, 100дөй адамдын өмүрүн алды. Ал эми дагы 11 киши Цинхай провинциясындагы табият кырсыгында көз жумду.

Жер титирөөдөн жабыркагандар саны 220дан ашты. Учурда зилзала катталган аймакта суу жана электр жарыгы өчкөнү айтылды.

Кытай бийлигинин берген маалыматтарына караганда жер титирөөнүн магнитудасы 6,2 баллды түзгөн. Кытай лидери Си Цзиньпин жер титирөөнүн курмандыктарынын санын азайтуу үчүн издөө-куткаруу иштерин ыкчам уюштурууга чакырды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM