Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети салык инспекторлору тарабынан системалуу түрдө опузалап акча талап кылуу жана Оштогу «Кара-Суу» базарынын ишкерлеринин, соодагерлеринин патентин төлөөгө багытталган акча каражаттарын ыйгарып алуудагы туруктуу коррупциялык схема аныкталганын маалымдады.
15-декабрда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Кара-Суу районунун базарларын көзөмөлдөгөн төрт салык инспектору Т.А., Э.А., У.Б. жана А.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Кара-Суу районунун базарларында чекене жана дүң соода менен алектенген ишкердик субъекттеринен акча каражаттарын өндүрүү кылмышы Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан штаттык эмес кызматкерлерди колдонуу аркылуу жасалып турган.
Салык кызматкерлери ишкерлерди патент жана башка салык төлөмдөрүн төлөөгө көмөк көрсөтөбүз деп алдоо жолу аркылуу аларды ишендирип, каражаттарын өздөрүнө ыйгарып алып турушкан.
Буга чейин «Дордой», «Орто-Сай» базарында да салыкчылар кармалган.