Биз менен байланышыңыз

Баткен: Көмүрдү негизсиз кымбат саткандарга айып пул салынды

Кыска кабар | 17 Дек 2023 | 248 | 0

Баткен шаарынын мэриясы социалдык баракчаларда көмүрдүн килограммы 16 сомдон сатылып жаткандыгы жөнүндө видео материалдар 2022-жылы тартылышы ыктымал экендигин билдирди.

Мэриядан билдиргендей, «БК» маркасындагы көмүр кымбат бааланып, аны навайкана, шишкебек жасаган ишкерлер алышат.

Ал эми калк пайдаланган «БР» маркасындагы көмүргө болгон баа монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын көзөмөлүндө.

Ошондой эле «БР» маркасындагы көмүр 9 сом 50 тыйындан ашык сатылбашы керек, — деп билдирди мэрия.

Ошондой эле 14-декабрда бааны негизсиз кошуп саткан үч жеке ишкерге Баткен облустук монополияга каршы жөнгө салуу кызматкерлери тарабынан айып пул салынган.

Баткен шаарында мекеме-ишканалар 100 пайызга көмүр менен камсыз болгон.

Ал эми жашоочулар күнүмдүк керектөөсүнө жараша алышууда.

«Кыргызкөмүр» ишканасы менен биргеликте арзандатылган килограммы 5 сомдон болгон 250 тоннадай көмүр Баткен шаарына алып келинип, социалдык жактан муктаж үй бүлөлөргө сатылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM