Биз менен байланышыңыз

Бүгүн актер Азиз Мурадилевди эскерүү иш-чарасы өтөт

Кыска кабар | 17 Дек 2023 | 141 | 0

Бүгүн, 17-декабрда Кыргыз улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаевди эскерүү иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу аталган театрдан кабарлашты.

Азиз Мурадилаев 2022-жылы 17-декабрда 44 жаш курагында оорудан улам көз жумду.

Ал 1978-жылы Фрунзе шаарында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Кийин 1997-жылы Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайга тапшырып, аны 2001-жылы аяктаган.

Мурадилаев Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында эмгектенип келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM