Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Энелердин өлүмү 25%га азайды

Кыска кабар | 17 Дек 2023 | 154 | 0

Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылдын 9 айынын оперативдүү маалыматтары боюнча энелердин өлүмү – 25%га азайганын билдирди.

9 айдын жыйынтыгы боюнча 2023-жылы энелердин өлүмү боюнча 27 учур катталган. Былтыркыга салыштырмалуу 25%га аз. Ал эми ымыркайлардын өлүмү былтыркы жылдын көрсөткүчүндө кармалып турат – 14,2 (14,2 – 2022).

Балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу максатында октябрь айынан бери Бишкек шаарынын Үй бүлөлүк медицина борборлорунда 4 балдар амбулаториясы уюштурулган. Ош шаарында Ош облустар аралык бириккен балдар ооруканасынын клиникалык диагностикалык бөлүмүн балдарды кабыл алуу үчүн кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле, 2024-жылдын башында Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын имаратында дагы бир балдар клиникасы ачылат. Учурда имаратта оңдоо иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM