Биз менен байланышыңыз

2024-жылы Токмок жана Кара-Балта шаарларын өнүктүрүү үчүн 1 млрд сомдон бөлүнөт

Кыска кабар | 17 Дек 2023 | 233 | 0

2024-жылы Токмок жана Кара-Балта шаарларын өнүктүрүү үчүн 1 млрд сомдон бөлүнөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 15-16-декабрь күндөрү Бишкекте өткөн Элдик Курултайда айтты.

«2024-жылы Токмок жана Кара-Балта шаарларын өнүктүрүү үчүн 1 млрд сомдон бөлүнөт», — деп билдирди президент экинчи Элдик Курултайдын жүрүшүндө.
Мамлекет башчысы региондорду колдоо боюнча иштер туруктуу өнүгүү максатында улантыларын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров учурда Каракол шаары өзгөрүп, жаңыланып, анын аркасында туристтердин агымы көбөйүп жатканын билдирди. Дал ушундай эле Токмок жана Кара-Балта шаарларына да көңүл бурулат. Аларга бөлүнгөн каражаттар инфраструктураны жакшыртууга багытталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM