Биз менен байланышыңыз

Казакстанга жардамга барган куткаруучулар Кыргызстанга кайтып келди

Кыска кабар | 17 Дек 2023 | 144 | 0

Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районунда жарыяланган өзгөчө кырдаалда боордош элге жардамга кеткен кыргыз куткаруучулары 16-декабрь күнү, кечке маал мекенине кайтышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

«Кордай районунун акими жана казакстандык куткаруучулар кыйын күндө кол сунуп, жардам берген кыргыз куткаруучуларына терең ыраазычылык билдирүү менен грамоталарды жана баалуу сыйлык тапшырып, жылуу узатышты», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районунда 14-декабрда жааган кардан улам кар күрткүсү пайда болуп, Алма-Ата—Ташкент унаа жолунда 150дөй унаа жүргүнчүлөрү менен калып калган. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 39 куткаруучусун, 5 оор техника, 1 пикап унаасы жана 2 кар унаасы (снегоход) жиберген.

15-декабрга караган түнү саат 3тө кыргыз куткаруучулары Казакстанга жөнөп кетишип, кечиктирилгис куткаруу ишин башташкан. Натыйжада бороон-чапкындуу жолдо калган 16 Кыргызстандын жараны мекенине унаа менен алып келинген. Алар үчүн Ак-Жол өткөрмө бекетиндеги кафеде жылынуучу жай уюштурулуп, тамак-аш берилген. Ал эми Кордай районунун аймагында калган кыргыз куткаруучулары андан ары түнү менен жолдон чыгып кеткен оор жүк ташуучу жана жеңил унааларды сүйрөп чыгарып беришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM