Биз менен байланышыңыз

Бишкекте II Элдик курултай ишин улантууда

Кыска кабар | 16 Дек 2023 | 211 | 0

Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мамлекеттик масштабдагы экинчи Элдик курултай ишин улантууда.

Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, аймактардан шайланып келген 700гө жакын делегат катышууда.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи Элдик курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Иш-чара эки күнгө – 15нен 16-декабрга чейин уланат. Кечээ анын ишинин биринчи күнү өттү.

Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат чогулуп, чет өлкөдө жашаган мигранттардын, диний конфессиялардын өкүлдөрү да келишти.

Иш-чара өлкөнүн акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги жыйынтыктары тууралуу тасманы көрсөтүү менен башталды.

 

Copyright © 2017 Maral FM