Биз менен байланышыңыз

Депутат окуучулар менен ата-энелерди түйшүккө салган өкмөттү сындады

Кыска кабар | 13 Дек 2023 | 382 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев мектептерди катуу суукта алдын ала онлайн окутууга өткөрбөгөнү үчүн министрлер кабинетиндеги тийиштүү жетекчилерге чара көрүүнү талап кылды.

Ал парламенттин 13-декабрдагы жыйынында окутууну аралыктан жүргүзүү тууралуу алдын ала эскертүү берилбегенин сындады.

«Бишкекте 215 миң окуучу бар. Эртең менен мектепке барышты, кайра онлайн деп үйүнө жиберишти. Бүгүн кычыраган кышта балдарды да ата-энелерди да түйшүккө салдык. Эмне үчүн онлайн окутуу болот деген министрликтин буйругу ата-энелерге жиберилген жок? Ушундай абалга калтырганы үчүн министрлер кабинетиндеги тийиштүү жетекчилерге сөзсүз чара көрүлүшү керек жана мындай нерсе кайталанбашы керек» , — деди депутат Акаев.

Кыргызгидромет борбору өлкө аймактарында 13-14-декабрда катуу суук болорун буга чейин эскерткен. Билим берүү жана илим министрлиги бүгүн гана мектептер 13-14-декабрь күндөрү онлайн окутууга өткөнүн билдирди.

Ал эми Бишкек мэриясы бала бакчалар иштей турганын, эгер ата-эне баласын калтыра турган жери жок болсо, анда бакчага алып барса болорун билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM