Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы мектептер бүгүн, эртең онлайн окууга өттү

Кыска кабар | 13 Дек 2023 | 271 | 0

Кыргызстандагы мектептер 13-14-декабрь күндөрү онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Ал эми Бишкек мэриясы бала бакчалар иштей турганын, эгер ата-эне баласын калтыра турган жери жок болсо, анда бакчага алып барса болорун билдирди.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, өлкө аймактарында 13-14-декабрда туруксуз аба-ырайы сакталат. Бул күндөрү абанын температурасы төмөндөп, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -15…-20° суук болушу күтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM