Биз менен байланышыңыз

УКМК Чүйдөгү ондогон базарда ижара акысы арзандаганын билдирди

Кыска кабар | 12 Дек 2023 | 201 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусундагы соода-базар комплекстеринде ижара акысы арзандатылып жатканын билдирди.

Тактап айтканда, «Мадина» базарынын администрациясы тарабынан келишимдин жыйынтыгы боюнча ижара баасы 30%га арзандатылды.

Ошондой эле, Токмок шаарынын базарларында ижара баалары 30% арзандады.

Ушундай эле келишим Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы «Кант» ЖЧКсына катталган базар, директору У.Мукеев тарабынан калктын аялуу катмарынан чыккан ишкерлерге (соода менен алектенген пенсионерлерге) каржылык түйшүктү жеңилдетүү максатында соода жайлары бекер берилет.

Мындан тышкары, Кара-Балта шаарындагы «Береке» соода-базар комплексинде, директору Р.Мурадылов;

Жайыл районундагы «Жайыл базары» соода-базар комплексинде, директору М.Шавкетов;

Москва районунун Беловодск айылындагы «Ярмарка» жана «Айдар» кичи базарларында;

Сокулук районундагы кичи базарларда,

Новопавловка айылындагы «Нурлан», администратору Р.Усубалиева;

«Жибек-Жолу», администратору Б.Маханов;

«Сары-Өзөн», администратору К.Абдыкалыков;

мал базары, администратору У.Четимбаев;

«Айбек», администратору А.Курманбеков,

«Заря», администратору У.Шамырзаев;

Панфилов районундагы — «Артел О» жана «Ак-Жолтой» кичи базарларында ижара баасы 30%га арзандады.

Жайыл районунун (Кара-Балта шаары) унаа тетиктери базарынын ээси У.Ногойбаев ижара акысын 35%га төмөндөттү.

Ошол эле учурда Кемин районунун кичи базарларында (Кеминдеги “Ажка” кичи базары, Орловка айылындагы “Бар Бол” кичи базары) ижара баалары 20%га арзандады.

«Чүй облусунда 38 базар бар, алардын көбү жергиликтүү базарлар (“кичи базарлар” деп аталат), аларда ижара акысы жана кирешенин көлөмү борбордук соода-базар комплекстеринен, анын ичинде Бишкек шаарында жайгашкан комплекстерден да олуттуу айырмаланат. Ошентсе да, мамлекеттик саясатты ишке ашырууга көмөктөшүү максатында соода-базар комплексинин ээлери Чүй облусунун базарларында ижара акысын төмөндөтүүнү чечишти» , — деп айтылат маалыматта.

Ошону менен бирге, Чүй облусундагы соода-базар комплекстеринин ээлери ККМ менен акысыз камсыз кылышат (Чүй облусу боюнча 8714 ККМ катталган, патенттин негизинде 5861 ишкер ишин улантууда).

Copyright © 2017 Maral FM