Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк банк ыш менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга акча бөлдү

Кыска кабар | 12 Дек 2023 | 194 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк тарабынан сунушталган Бишкек шаарынын абасынын сапатын жакшыртууга багытталган долбоордун презентациясына катышты.

Өкмөттөн кабарлашкандай, Финансы министрлиги менен Дүйнөлүк банктын ортосунда аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлду.

50 миллион долларлык долбоор борбор калаага багытталган жана 2023-жылдан тарта ишке ашырылууда. Долбоордун түзүмүндө атмосфералык абанын сапатын башкаруу системасын чыңдоо, жылытуу үчүн экологиялык таза чечимдерди киргизүү, ошондой эле шаарды жашылдандыруу кирет.

Министрлер кабинетинин башчысы өлкө президенти климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдү сактоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча глобалдык көйгөйлөрдү бир нече жолу эл аралык трибуналардан көтөрүп чыкканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM