Биз менен байланышыңыз

Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата эскерүү иш чарасы өтүүдө

Кыска кабар | 12 Дек 2023 | 237 | 0

Бүгүн, 12-декабрда Бишкекте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата эскерүү иш чарасы өтүүдө. Алгач Айтматовдун «Ата- Бейит» мемориалдык комплексиндеги бейитине гүл коюлду.

Андан кийин Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында салтанаттуу иш чара өтүүдө.

Бүгүн ошондой эле Кыргыз улуттук сүрөт-өнөр музейинде «Эргүү булагы» көргөзмөсү ачылат. Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында «Саманчынын жолу»  спектакли коюлат.

Кечки саат 19:30да улуттук академиялык драма театрында «Айтматов жана театр» эл аралык театр фестивалынын жабылыш аземи өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM