Биз менен байланышыңыз

Индиянын Жогорку Соту Жамму жана Кашмирдин өзгөчө макамын жокко чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Дек 2023 | 586 | 0

Индиянын Жогорку Соту Жамму жана Кашмир союздук аймагынын атайын макамын жокко чыгарды. Соттун чечимине ылайык, аймактагы жергиликтүү шайлоолор 2024-жылдын сентябрына чейин өткөзүлүшү керек. Ага ылайык Жамму жана Кашмир аймагы Индиянын штатына айланышы керек.

Жогорку Соттун чечиминде, союздук территориянын атайын макамы убактылуу экени, аны жокко чыгарууга мыйзам жол берери айтылган. Өкмөт башчы Нарендра Модинин 2019-жылдагы буйругуна ылайык, жалаң буддисттер жашаган Ладах облусу да Жамму менен Кашмирдин курамынан чыгарылган.

Жамму жана Кашмир Индиянын түндүгүндө жайгашып, ал жердеги калктын негизги бөлүгү мусулмандар. Бул аймак 1947-жылы Пакистан менен Индия өлкөлөрү түзүлгөндөн бери, эки өлкөнүн ортосундагы талаштарга себеп болуп келет.

Жамму жана Кашмир 2019-жылга чейин өзгөчө автономияга ээ болуп келген. Ага ылайык, Жамму жана Кашмирдин сыртында жашаган Индия жарандарына бул аймактан жер сатып алууга, туруктуу жашоого тыюу салынган. Ошондой эле Индиянын парламенти тарабынан коргоо, тышкы иштер, каржы жана байланыш тармагына тиешеси болбогон бардык чечимдер жергиликтүү бийлик тарабынан тастыкталганда гана күчүнө кирчү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM