Биз менен байланышыңыз

Баткендин Самаркандек айылында оорукана ачылды

Кыска кабар | 11 Дек 2023 | 190 | 0

Президент Садыр Жапаров 11-декабрда Баткен облусунун Самаркандек айылында жаңы курулган оорукананын имаратын ачты. Маалыматка караганда, оорукананын курулушуна президенттин фондунан 97,5 млн сом каралган.

Аталган медициналык мекеме 75 орунга ылайыкташтырылган. Учурда оорукананын курулушу толугу менен бүткөрүлүп, эмеректер менен жабдылган.

Садыр Жапаров 11-12-декабрда Баткен облусун кыдырат. Ал бир катар жаңы объектилердин ачылышына катышып, аймактагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM