Биз менен байланышыңыз

Он күндө 22 миңден ашык адамга укуктук жардам көрсөтүлдү

Кыска кабар | 11 Дек 2023 | 365 | 0

Быйыл 1-декабрдан 10-декабрга чейин Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы өлкө боюнча акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнүн он күндүгүн өткөрдү.

Иш-чара Конституциянын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына карата өтүп, анын алкагында 22 миң 480 жаранга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүлдү.

Укуктук кеңеш алгандардын арасында жумушсуз адамдар (7265), пенсионерлер (4652), аз камсыз болгон жарандар (2499), жашы жете электер (947), ден соолугунан жабыркаган адамдар (116) жана башкалар бар.

Жарандардын эң көп кайрылган суроолору документтештирүү, жер маселеси, үй — бүлөлүк укуктук маселелер, социалдык камсыздоо, менчик укуктары жана мураска байланыштуу суроолор болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM