Биз менен байланышыңыз

Эртең 15 градуска чейин суук болот

Кыска кабар | 11 Дек 2023 | 540 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 12-декабрга караган түнү көпчүлүк аймакта мезгил-мезгили менен кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -10…-15,

Талас облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -10…-15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…-5,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7,

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…-8.

Бишкек шаарында маал-маалы менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз -11…-13 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM