Биз менен байланышыңыз

Өткөн аптада 334 адам мас болуп унаа айдаган

Кыска кабар | 11 Дек 2023 | 312 | 0

Өткөн жума ичинде Кыргызстандын аймагы боюнча жүргүзүлгөн рейд учурунда жол эрежелерин бузуу боюнча 18 434 факты аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлагандай, мас абалында автоунаа айдаган 334 киши катталды. Дагы 298 адам тийиштүү документтери жок машине айдаган. Ал эми 50 айдоочу автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан.

Мындан тышкары, жөө жүргүнчүлөр катышкан эреже бузуулар, эксплуатациялоо эрежелерин бузгандар, ылдамдыктан ашуу, жалган мамлекттик номур менен унаа башкаруу жана башка фактылар аныкталган.

1847 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM