Биз менен байланышыңыз

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Кыска кабар | 11 Дек 2023 | 190 | 0

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлиги маалымдады.

11-13-декабрда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-110-чакырымдарында жана Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү мүмкүн.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Министрликтин маалыматына караганда, 10-12-декабрда аба-ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймакта мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Абаны температурасы төмөндөп, жайыттарда малды кармоо, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине кыйынчылык жаралат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM