Биз менен байланышыңыз

Көлбаев жана Матраимов менен байланышы үчүн 180ден ашуун кызматкер иштен алынды

Кыска кабар | 11 Дек 2023 | 298 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет кримтөбөл Камчы Көлбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышта 226дан ашык ар кандай даражадагы мамлекеттик кызматкер аныкталганын кабарлады.

Анын ичинен 180ден ашууну ээлеген кызматынан бошотулду.

Бажы кызматында 85 кызматкер аныкталып, анын 76сы иштен бошотулса, Ички иштер министрлигинде 26 кызматкер аныкталып, анын 14ү кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетилди, жергиликтүү кеңештин 6 депутаты мандатын тапшырды, 65 кызматкер райондук мамлекеттик администрациядан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ал эми башка министрликтер менен ведомстволордо иштеген бир катар кызматкерлер аныкталып, кызматынан бошотулду.

Учурда калган аныкталган мамлекеттик кызматкерлер боюнча тиешелүү кошумча иштер улантылууда.

Copyright © 2017 Maral FM