Биз менен байланышыңыз

Бүгүндөн тарта айрым темир жол каттамдарынын убактысы өзгөрдү

Кыска кабар | 10 Дек 2023 | 434 | 0

Бүгүн, 10-декабрдан тарта өлкө ичине жана чет мамлекеттерге каттаган айрым поезддердин жүрүү убактысына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.

  • «Бишкек-Шу-Казань» багытында жүргөн №405/113-406/114 эл аралык эки топтук жүргүнчү поезд жаңы график боюнча жекшемби күндөрү гана каттайт. «Бишкек-2» бекетинен саат 15:25те чыгып, Казань вокзалына Москва убактысы боюнча 06:58де жетет;
  • № 6050/6051 «Бишкек-Токмок» ички каттамы «Бишкек-1» бекетинен саат 17:25те чыгып, Токмок бекетине саат 19:42де жетет, ал эми Токмоктон саат 5:05те чыгып, Бишкекке саат 07:21де келет;
  • №6063/6064 «Бишкек-Кайыңды» ички каттамы «Бишкек-2» бекетинен саат 17:41де чыгып, Кайыңдыга 20:10до келет. Кайра «Кайыңды» бекетинен саат 5:07де чыгып, Бишкекке 7:32де келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM