Биз менен байланышыңыз

Ташиев базарлардагы митингдерди уюштурууга тиешеси барларды аныктоону тапшырды

Кыска кабар | 8 Дек 2023 | 356 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги менен жыйын өткөрүп, базарларда митингдерди уюштурууга тиешеси бар адамдарды аныктоо тапшырмасын берди.

Ошондой эле ири соода жана оюн-зоок борборлорунун ээлери тарабынан кирешелерди жашыруу фактыларын аныктоо, салык  кызматкерлеринин арасында коррупцияны жана паракорчулукту жоюу милдеттерин койду.

«Максаты — базардагы соодагерлерге жагымдуу шарттарды түзүү, алар үчүн соода жайларынын ижара акысын төмөндөтүү, ошондой эле соода түйүндөрүнүн жана соода-базар комплекстеринин ээлеринин көмүскө кирешелерин аныктоо болуп саналат» , — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын басма сөз кызматы мамлекеттин бардык чөйрөлөрүндөгү көмүскө кирешелерге, коррупцияга жана паракорчулукка бөгөт коюу боюнча иш-аракеттер күчөй турганын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM