Биз менен байланышыңыз

Тууну өзгөртүүгө каршы болгон активист 48 саатка камакка алынды

Кыска кабар | 8 Дек 2023 | 507 | 0

Активист, социалдык тармактагы Беспредел.kg баракчасынын администратору Афтандил Жоробеков 48 саатка камакка алынды. Ал 7-декабрда кечинде милиция тарабынан кармалган.

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова маалымдагандай, активисттин үйүндө тинтүү жүргүзүлдү. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин «массалык башаламандыктар» беренесинин 3-бөлүгү, «бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар» боюнча айып тагылды.

Афтандил Жоробеков эртең, 9-декабрда Кыргызстандын мамлекеттик желегин өзгөртүүгө каршы жүрүш болорун билдирген.

Буга чейин ал УКМКга суракка чакырылып, бирок кийин кое берилгени маалымдалган.

Copyright © 2017 Maral FM