Биз менен байланышыңыз

Социолог: Мигранттардын балдары коомдун аярлуу катмарына кирип калды

Коом | 5 Дек 2023 | 424 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги эмгек мигранттары менен алардын ата-энелик жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча келишим түзүүнү сунуштады. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева парламенттик фракциянын 1-декабрдагы жыйынында билдигендей, көпчүлүк баланын ата-энеси миграцияда. Ошол эле учурда министр муну чечүү оор маселе болуп жатканын белгиледи. Ата-энеси чет жакка иш издеп кеткенден кийин балдар адатта туугандарынын колунда калышат. 

Жогорку Кеңештин фракциянын 1-декабрдагы жыйынында Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мигрант ата-эненин жоопкерчилигин күчөтүү үчүн келишим түзүлөрүн билдирди.

Келишим балдардын коопсуздугун, билим алуусун камсыздоо максатында түзүлөт.

«Учурда 300 миңге жакын баланын ата-энесинин бири миграцияда, дагы 100 миңдей баланын атасы да, апасы да миграцияда. Биз муну жөнгө салуу боюнча келишим долбоорун иштеп чыктык. Ал ата-энелердин балдарынын коопсуздугун, билим алуусуна көңүл буруусундагы жоопкерчилигин жогорулатат. Зомбулукка кабылган да, кор болуп жүргөн да ата-энеси миграцияда жүргөн балдар. Бул маселени бир эле билим берүү министрлиги чече албайт, жалпы чечишибиз керек. Ата-эне акча менен камсыз кылат, бирок баланын өнүгүү процессине катышпай жатканы бала үчүн чоң жоготуу».

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Үй-бүлө жана балдарга кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Төрөгелдиев ата-эне миграцияга кетүүнүн алдында балдарын тиешелүү мыйзам чегинде калтырып кетүүгө милдеттүү экенин билдирди.

Айтуусунда, балдар 18 жашка чыкканга чейин ата-эне алардын өсүп, өнүгүүсүнө шарт түзүүгө милдеттүү.

Министрликтин өкүлү белгилегендей, балдарды багууга милдеттенме алган жак мыйзам чегинде ата-эненин милдеттерин аткарууга тийиш.

Ошол эле учурда ал учурда эч кандай туугандык байланышы жок адамдарга да балдарын калтырып кеткен ата-энелер бар экенин кошумчалады.

«Ата-энелер миграцияга кетип жатканда балдарын кимге таштап жатканын караш керек. Социалдык тиешелүү башкармалыктарга барып, ушул баламды ушул үй-бүлөгө калтырып кетип жатам деп кайрылыш керек. Ал жакта тиешелүү документтер топтолот. Тиешелүү башкармалыктын башчылары биринчи кезекте балдарын калтырган жаранга убактылуу камкорчу чектеп берет. Алар ата-энеси жокто толук алардын милдетин аткарууга тийиш. Ошондой эле алар баланын билим алуусуна, өсүшүнө баарына толук жооп берет. Эгер алар тараптан балага карата зомбулук көрсөтүлсө, мыйзам чегинде жоопко тартылат».

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, 2014-жылы 17 жашка чейинки балдардын 11 пайызынын же атасы же апасы чет өлкөдө жашачу.

Ал эми социолог Самарбек Сыргабаев мигрант ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди туура деп эсептейт.

Адис мамлекет жумуш орундарын түзүп, чет өлкөгө жумушка кеткендердин санын азайтуу багытында бир катар иштерди аткарып жатканын белгиледи.

Ал бирок мамлекет мигранттарды толук жумуш менен камсыздабай туруп, мындай талапты койгонун туура эмес деп эсептейт.

«Эмгек миграциясында жүргөн ата-энелердин балдары чынында эле коомдун аярлуу катмарларына кирип калды. Ушул жылы биз социологдор Айылды өнүктүрүү фондунун бир долбоорунун алкагында изилдөө жүргүзгөнбүз. Анда Кыргызстандагы балдар үйлөрүндө балдардын маселелери боюнча комплекстүү изилдөө жүргүздүк. Балдар үйүндөгү жана интернаттагы балдардын дээрлик басымдуу бөлүгү, башкача айтканда 95 пайыздын тегерегинде бул социалдык жетимдер болуп эсептелинет. Өзүнүн биологиялык ата-энеси тирүү болуп туруп, багуусуз, кароосуз калгандар. Бул жерде өкүндүрө турган маселелер бар. Себеби мындай балдар көп жерден ар кандай көйгөйлөргө туш болушат. Мисалы психологиялык, балдардын чөйрөсүндө адаптация болуусунда, билим алуусунда көп көйгөйлөр жаралат экен».

Бул маселе парламенттик фракциянын жыйынында депутат Чынберди Төлөнов тарабынан да көтөрүлдү.

Ал бүгүнкү күндө көпчүлүк ата-энелер балдарын калтырып, чет жакка миграцияга кетип жатышканын белгиледи.

Эл өкүлү мигранттардын балдарынын билим алуусуна жетишерлик көңүл бурулбай жатканын айтты.

«Учурда тышкы, ички миграция көбөйүп жатат. Мектептеги билим берүүгө терс таасирин тийгизип жатат. Себеби ата-энелердин көбү Орусия, Америка, Түштүк Корея жана башка бир катар өлкөлөргө чыгып кетишүүдө. Бирок алардын балдарынын билим алуусуна жетишерлик көңул бурулбай жатат. Бул маселенин кантип алдын алуу керек? Ушулар боюнча кандай иштер жүрүп жатат?».

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматтарына ылайык, текшерүүгө алынган 192 миң үй-бүлөнүн ичинен 72 миң бала кароосуз калтырылган.

Ата-энеси чет жакка иш издеп кеткенден кийин балдар адатта туугандарынын колунда калышат. Көп учурда чоң ата-чоң энесинин колунда болушат.

Copyright © 2017 Maral FM