Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө Көлбаевге тиешелүү 115 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Кыска кабар | 5 Дек 2023 | 138 | 0

Ысык-Көл облусунда Камчы Асанбекке тиешелүү 115 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (Кылмыш-жаза кодексинин «Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо» беренеси), 222-беренесинин 3-бөлүгү («Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)») фактылары боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, улуттук коопсуздук органдары тарабынан Кыргызстандын Н.Р.Р. аттуу жараны 2022-жылдын март айында «Этномаданиятты, асыл тукум жылкы чарбасынын ат спортунун индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик ишканасы менен 115 га жерди (айдоо жерди) ижарага алуу келишимин түзгөнү аныкталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Н.Р.Р. тоют өстүрүү жана мал чарбачылыгы менен алектенүү үчүн Ысык-Көл районунун Григорьевский а/а 80 гектар жана Семеновский а/а 35 гектар жер тилкесин пайдаланганы аныкталган. Ошол эле учурда Н.Р.Р. К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн малын (бодо мал, ж.б.) багып, аларды багуу үчүн тоют өстүрүп, ошону менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүп келген.

Учурда УКМК тарабынан Ысык-Көл районундагы көрсөтүлгөн 115 гектар жер, «Этномаданиятты, асыл тукум жылкы чарбасынын ат спортунун индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик ишканасынын жери мамлекетке кайтарылып берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM