Биз менен байланышыңыз

Эл аралык жаңы аэропорт Ошко да, Жалал-Абадка да салынат

Кыска кабар | 4 Дек 2023 | 227 | 0

Президенттин Админстрациясы эл аралык жаңы аэропорт Ошко да, Жалал-Абадка да салына турганын билдирди.

«Социалдык тармактардын айрым колдонуучуларынын «Ош шаарына пландалган аэропорт Жалал-Абад шаарына салынмай болуптур. Ошко салынбай калыптыр» деген маанайдагы билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт жана провакациялык мүнөздө экендигин белгилейбиз», — деди президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов.

Ошондой эле, жалган жана чагымчыл маалымат таркатуу тийиштүү мыйзамдардын чегинде тескелерин, ал үчүн жоопкерчилик каралганын эскертип өткөн.
Эске салсак, ушул жылдын май айында президент Садыр Жапаров жаңы салына турган аэропорттордун долбоорлору менен жеринде таанышкан.

Анда Ош жана Жалал-Абад шаарындагы аэропорттордун ордуна ипотекалык негизде берүү үчүн көп кабаттуу үйлөрдү куруу каралганы маалымдалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM