Биз менен байланышыңыз

Президент Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду

Кыска кабар | 3 Дек 2023 | 119 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысынын айтымында, өлкөдө майыптыгы бар адамдардын укуктары чектелбейт, аларга урмат-сый жана түшүнүү менен мамиле жасалат. Себеби, элибиз каш-кабактын ортосундагы болуп кетүүчү кырсыкты болжоп болбойт деп, ошондой эле Жараткандын жазмышы деп тубаса дартты туура кабыл ала билген акылман эл.

Муну менен катар ал Ага мамлекет майыптуулугу бар жарандарына ар тараптуу тиешелүү социалдык колдоолорду көрсөтүү аракетин көрүп келерин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү мекендештердин муктаждыктарын канааттандырууну, алардын укугун коргоону эң башкы милдеттердин бири деп билерин билдирди.

«Республика боюнча 211 650 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран болсо, өкүнүчтүүсү алардын 37 миңден ашууну, тилекке каршы, балдар. Анткен менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарыбыз темирдей бекем эрки, кажыбас кайраты, оптимисттик көз карашы менен алдыга умтулуп, кайсы гана тармакта болбосун талыкпай эмгектенип, көптөгөн ийгиликтерди жаратып келе жаткандыгы кубандырат. Албетте, мындай адамдар – жалпы Кыргызстандын сыймыгы!», — деди ал.

Мындан тышкары Жапаров бүгүнкү күндө майыптыгы бар жарандардын керектөөлөрүн эске алуу менен, алардын өлкөнүн социалдык, экономикалык жана саясий турмушуна катышуусун камсыздоо милдетин ишке ашыруу уланып жатканын белилгеди.

Ошондой эле президент аларга каралган социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн, социалдык кызматтардын сапатын жогорулатууга, жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн максималдуу шарттарды камсыз кылууга багытталган аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM