Биз менен байланышыңыз

Бишкекте таштанды контейнердин жанына унаа токтоткондорго айып салынат

Кыска кабар | 3 Дек 2023 | 148 | 0

Таштанды контейнерлеринин жанына унаа токтоткондорго айып пул салынат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Муниципалитеттин билдирүүсүнө караганда, «Тазалык» ишканасы таштанды контейнерлеринин жанында токтоп турган унаалардын айынан таштанды чыгарууда тоскоолдуктар болуп жатканын билдирген.

Ишкананын кызматкерлери белгиленген график боюнча катуу тиричилик таштандыларын чыгарышат. Ал эми аткарылышы керек болгон иштер токтоп турган унаалардын айынан бир канча убакытка кечигүүдө.

Эскерте кетсек, тыюу салынган жерге токтотулган жана таштанды ташуучу унаанын урналарга өтүшүнө тоскоол болгон унааларга ЖКККББ кызматкерлери тарабынан айып салынып, айып салынуучу жайга жөнөтүлөт.

Мэрия калаа тургундары жана конокторунан унааны таштанды контейнерлеринин жанына токтотпоону суранат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM