Биз менен байланышыңыз

Адам укуктарына арналган декада: Калктын укуктук сабаты жогоруладыбы?

Коом | 1 Дек 2023 | 243 | 0

Өлкөдө жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү максатында декада башталды. Акциянын алкагында жарандар пенсия, жөлөк пул, паспорт алуу, жарандык жагдайлар жана башка маселелер боюнча кайрылышып, адистерден акысыз укуктук жардам алышат. Иш-чара өлкөнүн бардык аймагында өтөт. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, декада белгиленген даректерде демалышсыз өткөрүлөт. Өлкөдө жарандардын укуктук сабаты арта баштадыбы? Адам укуктары канчалык корголот? 

Кыргызстанда Башмыйзамдын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына арналган калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы башталды. Декада бардык аймакта 1-декабрдан 10-декабрга чейин өтөт.

Юридикалык жардам кызматынын укуктук агартуу башкармалыгынын башчысы Айчүрөк Камаева декада калктын укуктук сабатын арттыруу максатында уюштурулуп жатканын билдирди.

Ал 4-5 жылга мурдагыга салыштырмалуу учурда элдин укуктук билими арта баштаганын белгиледи.

Айтуусунда, акысыз юридикалык жардам акциялары жаңы уюштурула баштаганда кайрылгандар өтө аз болчу. Учурда өнөктүк өткөн райондо калктын 80 пайызга жакыны ар кандай маселелер менен кайрылууда.

«Калкка акысыз юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында ушундай акцияларды, декадаларды өткөрүп келебиз. Бул күндөрү башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери, биздин адвокаттар, мамлекеттик нотариустар — баары катышат. Бардыгы ыйгарым укуктарынын алкагында жооп беришет. Анализ кылсак, мындан бир канча жыл мурун жарандар мамлекет кепилдеген юридикалык жардам эмне экенин билишчү эмес. Бирок бүгүнкү күндө ар бир жаран билет. Кеңселерибизге келип, ошондой эле байланыш номурларга чалып, кайрылып жатышат».

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева өлкөдө өзүнүн укугуна көңүл бурбаган жарандар көп экенин, алардын көбү акча табууга, эптеп күн кечирүүгө басым жасарын айтты.

«Биздин өлкөдө сөз эркиндигине, маалымдоо компанияларына Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу көбүрөөк маани берилет. Ошондуктан Кыргызстанда эл арасында интеграция болуп, укуктук маалымат алуу боюнча элде көбүрөөк түшүнүк бар. Бүгүнкү күндө калкыбыз 7 миллионго жетти. Статкомдун маалыматы боюнча, калктын 60 пайызы айыл жергесинде жашайт. Ошондой эле калктын 30 пайызы жакырчылыкта жашайт».

Он күндүк өнөктүктүн алкагында жарандар пенсия, жөлөк пул, паспорт алуу, жарандык маселелер, жер тилкесин берүү жана аларга документ даярдоо, декларация, мурас маселелери, ошондой эле башка жарандык, үй-бүлөлүк, жазык иштер тармагында көйгөй жараткан маселелер боюнча кайрылып, тийиштүү адистерден акысыз укуктук кеңеш ала алышат.

Декада саат 10:00-16:00 чейин демалышсыз өтөт. Даректерди Юстиция министрлигинин сайтынан алсаңыздар болот.

Зомбулукка кабылган аялдар менен иштешкен юрист Элиза Шаршенбекова аялдар ар кандай маселелер менен кайрыларын айтат.

Ал ар бир жаранга жеткиликтүү маалымат берген учурда да маалыматты кабыл алалбаган, түшүнбөгөндөр бар экенин белгиледи.

Шаршенбекова адамдарга укуктары боюнча түшүндүрүп берген күндө да аны колдонбогон эң чоң көйгөй экенин кошумчалады.

«Мага кайрылгандарга аянбай жардам берем. Ажырашуу, мүлк бөлүштүрүү, алимент жана башка маселелер боюнча кайрылышат. Анан колдон келишинче түшүндүрүп берем. Түшүндүм деп кетишет. Бирок кайра эле эртеси ошол эле маалыматты кайталап, түшүндүрүүгө туура келет. Элге жеткиликтүү болсун деп, жалпак тилде, юридикалык терминдерсиз, жөнөкөй тилде түшүндүрүп берем. Түшүндүм деп эле тескери иштерди кыла беришет».

Кыргызстанда 2016-жылдан бери элет элине акысыз юридикалык жардам көрсөтүү максатында «Тилектештик автобусу» өнөктүгү ишке ашып келет. Юридикалык жардам кызматы кайрылгандардын саны барган сайын көбөйүп, жылдан-жылга натыйжасы да жакшырып жатканын маалымдады.

Дагы бир юрист Бексултан Осмонов мамлекетте жарандардын укуктук сабаты акырындап өнүгүп жатканын белгиледи.

Осмонов учурда элдин укуктук сабатын арттырууда кандай тоскоолдуктар болуп жатканына токтолду.

«Жарандардын укуктук сабаты көтөрүлүп жатат. Бирок кандайдыр бир чоң деңгээлде эмес. Чоң айырма бар деп айта албайм. Мындай алсак, жаштар гана ошол айырманы берип турат. Орточо статистика менен караганда укуктук сабат боюнча жарандардын көбү баштапкы эле деңгээлде. Көбү юристтерге кайрылбайт, юридикалык жактарды билишпейт. Тилекке каршы, эркекче же кыргызча деп маселени чечип коюшат. Андан сырткары сабаттуулукка өлкөнүн укук коргоо системасы, соттук система тоскоолдук кылат».

21-ноябрдан 24-ноябрга чейин Кадамжай районунун Таш-Дөбө, Кызыл-Булак, Кара-Жыгач жана Майдан айылдарынын тургундары акысыз юридикалык жардам алышты.

Юридикалык жардам кызматы билдиргендей, айрыкча алыскы аймактардагы калктын көпчүлүгү мыйзам, укуктарды билбей, ар кандай кылмышка барууда. Айылдарга акысыз юридикалык жардам 3-4 күн гана өткөрүлөт.

Мындан сырткары жарандар онлайн түрдө жана «114» кыска номерине чалуу аркылуу акысыз кеңеш алышса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM