Биз менен байланышыңыз

Чоң базарлардагы иш таштоо жана салыктын жаңы түрүнө нааразычылык

Коом , Экономика | 30 Ноя 2023 | 776 | 0

Бүгүн, 30-ноябрда Бишкектеги «Дордой» базарынын соодагерлери салыктын өзгөчө түрү боюнча нааразылык акциясына чыгышты. Алар сырттан товар менен ташыгандар менен жергиликтүү кийим өндүрүүчүлөргө карата бирдей шарттагы салык режими киргенине нааразы. Ал эми «Дордой» базарын улай, Бишкектеги кездеме саткан “Мадина” базарынын ишкерлери да бүгүн иш таштады. Ошондой эле “Орто-Сай” базарында да соодагерлер иш таштай турганын билдирди. Алар «Дордой» жана «Кара-Суу» базарына өзүнчө мамиле жасалып жатканына нааразы болуп, патент менен иштөөнү улантууну талап кылышты. Алдыда кенеирээк айтып беребиз.

«САЛЫК ТӨЛӨӨДӨН КАЧПАЙБЫЗ, ЖУМУШТУ ТАТААЛДАШТЫРЫП САЛДЫ»

Бүгүн “Дордой” базарында иштеген айрым ишкерлер жаңы жылдан тарта ишке кире турган өзгөчө салык режимине нааразычылыгын билдиришип, акцияга чыгышты. Алар жаңы жылдан тарта күчүнө кире турган жаңы салык режими ишкерлер үчүн кыйынчылык жаратаарын, патент системасын да калтырууну талап кылды.

“Дордой” базарында көп жылдан бери эмгектенген ишкер Бурма Райеванын айтымында, жаңы салыктын түрү боюнча ишкерлерде түшүнүк жок. Соодагерлер өзгөчө салыктын түрүнө каршы экенин, алар үчүн кыйынчылык жаратаарын айтып, ишкерлер эч качан салык төлөөдө качпай турганын, буга чейин деле төлөп келишкенин кошумчалады.

Ошондой эле ал ККМ апараты жоюлганы менен онлайн ККМ бар экенин билдирип, буларга токтолду.

«Бүгүн соодагерлер жаңы «өзгөчө салык» режимине нааразы болуп чыкты. Ишкерлердин салык боюнчча түшүнүгү жок. Толук түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй эле «жаңы жылдан өтпөсөңөр, айып салабыз, жаап салабыз» деп жатышат. Ишкерлерде бул салыктын түрү, ЖИ (Жеке ишкерлик) боюнча түшүнүк жок, түшүндүрүшкөн да жок. Жаңы салыктын түрү биздин тармакка туура келбейт экен, биз отчет бере албайт экенбиз. Себеби  биз кездеме алабыз, аны өндүрөбүз, андан кийин базарга сатыкка чыгарабыз. А биз кездеме сатып алганда, аны өндүргөндө, андан кийин базарга алып чыгып сатканда да салык төлөп калат экенбиз. Бизге ККМ болбойт деп жатышат, бирок онлайн ККМ кирип калганын байкабай калышууда. Биз ишкерлер салык төлөөдөн эч качан качкан эмеспиз жана качпайбыз да. Бул салыктын түрүн иштеп жатканда эл менен ишкерлер менен сүйлөшүп, акылдашуу керек болчу».

«САЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ӨЗДӨРҮ ТҮШҮНБӨЙ ЖАТАТ»

Акцияда сөз сүйлөгөн дагы бир ишкер Диля Дүйшөбаева сырттан товар импорттогон ишкерлер менен Кыргызстандын ичинде кийим өндүргөн ишкерлерди өз-өзүнчө кароо зарылдыгын айтат. Азыр жаңы кирет деген салык режиминде өндүргөн товарын дээрлик баары “Дордой” аркылуу саткан жеңил өнөр жайчыларга документ иштери бир топ татаал түзүлүп калган. Бул жагдай уланса, анда тигүү цехтери токтоп калышы мүмкүн жана коңшу өлкөлөргө чыгып кетет. Бул миңдеген жумуш орундарын жоготуу болорун айтат Диля Дүйшөбаева:

«Бир жума мурда «Дордой» базарынын администрациясы менен жолуктук. Анда «салыктын өзгөчө түрү кирет деп контейнерди ижарага алгандарды лицензия аласыңар» деп түшүндүрдү. Жободо тигүү тармагы боюнча эч нерсе жок. Тигүү тармагын кыйынчылыкка дуушар кылыпа жатат. Тигүү тармагы менен сырттан алынып келген товарларды бирдей кылып коюууда. Жалпылаштырып, «Дордой» базарында иштегендер үчүн деп койгон, тигүү тармагы боюнча бир да сөз жок. Мен баары менен жолугуп чыктым. Биз тигүү тармагында иштеген ишкерлер, салык төлөөдөн качпайбыз. Ошону туура түшүндүрүү зарыл. Алар тигүү тармагынын ишин өтө татаалдаштырып жатат. Мен үч салык кызматкерине кирип чыктым. Үчөө үч башка жооп айтты. «Мадина» базарынан барып, кездеме алганда электрондук эсеп алуу керек, андан кийин жеке кабинет ачуу зарыл. 15 жерден товар алсаң ар биринен электрондук эсеп алуу керек». 

Дагы бир ишкер акыркы жылдары соода жакшы жүрбөй жатканын айтып, Өзбекстан, Казакстандагы чоң базарлардын ээлеринен ал жака барып иштөөгө сунуш тушүп жатканын айтты.

«Кече Казакстандын Түркистан шаарынан бир чоң базардын ээси келди. Ал өзүнүн базарына чакырып жатат. «Бир жыл салыктын бардык түрүнөн толук бошотулуп, кенен иштейсиң» деп өздөрүнө тартуунун аракетин көрүүдө. Эгерде бул салыктын түрү кире турган болсо, «Дордой» базарын жок кылат. Биз канчалаган жарандарды жумуш менен камсыз кылып, канчалаган үй-бүлөлөргө жардам берип жатабыз. Мындай маселелерди терең анализдеп, изилдеп андан кийин эл менен кеңешип, бир чечим чыгарса жакшы болмок». 

Акцияга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Акылбек Жапаров азыр Лондондо экенин айтып, ал ишкерлердин бардык талаптарын жеткире турганын, кийинки шейшемби, 5-декабрда ишкерлер менен жолуга турганын билдирди.

ИШКЕР: САЛЫК КЫЗМАТЫ БИЗ МЕНЕН СҮЙЛӨШКӨН ЭМЕС 

САЛЫК КЫЗМАТЫ: ИШКЕРЛЕР МЕНЕН ЖОЛУККАНБЫЗ

Биз ишкерлер менен байланышканыбызда Салык кызматы «өзгөчө салык» режимин иштеп чыгууда эч кандай сүйлөшүү, макулдашуу болбогонун айткан. Бүгүн Жогорку Кеңештин сессиясында “Өзгөчө салыктын” түрү боюнча маселе көтөрүлгөндө  Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов “Дордой” жана «Кара-Суу» базарларындагы ишкерлер менен жолугушуу болгонун, алар менен кеңешилгенин айтты.

«»Өзгөчө режим» деп киргизип жатабыз. Бул патенттин эле бир түрү. Патентте 8 миллонго чейин деген чектөө бар болчу, ал алынып салынып, «өзгөчө режим» кирип жатат. Өлкөдөгү эң чоң базарлар «Дордой» жана «Кара-Суу» базарларына киргизилет. Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип жаткан учура базардагы ишкерлер менен чогу иштеп чыкканбыз. Алар бизге «патентке ошогон эле бир системаны иштеп чыгууну» айткан. Патентте чектөөлөр бар. А бүгүнкү күндө «Дордойдо» айрым ишкерлердин товар жүгүгүртүүсү 20 миллонго чейин чыккандар бар. Биз алардын товар жүгүртүүсүн легалдаштыруу максатында ставкаларды иштеп чыкканбыз. Салык кодексинин 461-беренесине ылайык «Дордой» жана «Кара-Суу» базарларын стратегиялык объектердин катарына кирип, «Өзгөчө салыктын» түрү менен иштей баштайт. Эгерде бул салыктын түрү менен иштеп жаткан ишкерлер бири-бири товар сатса ККМ, ЭТТН жана ЭСФ колдонулбайт. Бирок, «Дордойдон» Бишкектеги соода түйүндөрүндөгу дүкөндөр товар алып, дүкөндө сата турган болсо, ал “өзгөчө режимден” тышкары деп эсептелерин жана эсеп-фактураны жаздыртып кетиши керек. А эгер чет өлкөгө сата турган болсо, бул документтерсиз иштей берет.Кыргызстандын ичинде эле башка субъектке сатылса, электрондук эсеп-фактурасы (ЭСФ) колдонулушу керек. Буга чейин дүкөндө менен иштегенбиз аларга электрондук эсеп-фактура (ЭСФ) алгыла деп. А дүкөн ээлери товарды базардан аларын айтып, ошолорду камсыз кылып берүүнү өтүндү. А биз базарга барып, дүкөндөргө товар сатып жатканда ЭСФ бергиле десек, алар патент менен иштеп жатканын айтып, көлөму 8 миллондон ашып кетип жатканын айтышты. Андан кийин биз мыйзамдаштырып, чектөөнү алып, дал келтирип бердик. Эми бири-бирин каттап, көрсөтүүсү зарыл болууда».

«ДОРДОЙ», «КАРА-СУУ» БАЗАРЛАРЫНАН ЭМНЕБИЗ КЕМ, САЛЫШТЫРБАГЫЛА БИЗДИ» БАШКА ЧОҢ БАЗАРЛАРДАГЫ ИШ ТАШТОО

Ошондой эле бүгүн “Мадина” жана “Орто-Сай” базарындагы ишкерлер да контейнерлерин жаап, “Дордой” менен “Кара-Суу” базары эмне үчүн ККМден бошотулуп, биз бошотулбайбыз деп нааразычылык акциясына чыгышты. Алар бул маселе чечибесе, жумушка чыгышпай турганын айтышууда.

«Мадина» базарынын соодагерлери иш таштады

«Уят деген болушу керек! Бугүн ичече албаса, башка күнү биздин талапты чечкенге чейин эч кимибиз жумушка чыкпайбыз».

Буга чейин, кечээ, 29-ноябрда Оштогу «Кара-Суу» базарында иштеген соодагерлер нааразылык акциясына чыгышты. Алар көзөмөл-кассалык аппараттарды (ККМ) милдеттүү түрдө орнотууга жана соода контейнерлерине электрондук эсеп-фактураларды колдонууга каршы болушуп, төлөм шарттары боюнча так маалымат берүүнү талап кылышкан.

Салык кызматы: «Кара-Суу» базарынын ишкерлери ККМ колдонуудан бошотулат

Copyright © 2017 Maral FM