Биз менен байланышыңыз

«Мадина» базарынын соодагерлери иш таштады (сүрөт)

Кыска кабар | 30 Ноя 2023 | 1615 | 0

Бишкектеги «Мадина» базарынын соодагерлери иш таштады. Бүгүн анда иштегендер нааразылык акциясына чыгып, «Дордой» жана «Кара-Суу» базарына каралып жаткан өзгөчө салык режими «Мадинага» да киргизилишин талап кылышкан.

Учурда «Мадина» базарындагы соода контейнерлери жабык турат.

29-ноябрда Оштогу «Кара-Суу» базарынын соодагерлери митингге чыгып, ККМ аппараттарын колдонууга каршы болуп, салык мыйзамдары тууралуу жеткиликтүү маалымат берүүнү талап кылышкан.

Бүгүн 30-ноябрда «Дордой» базарынын айрым соодагерлери экинчи жолу акцияга чогулуп, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушууну талап кылышты.

Мамлекеттик салык кызматы «Дордой» жана «Кара-Суу» базары ККМ аппараттарын колдонуудан бошотуларын, өзгөчө салык режими киргизилерин билдирген.

Салык мыйзамдарына ылайык, стратегиялык объекттерге кирген базарларда иштеген ишкерлер өзгөчө салык режиминде иштей алышат. Азыркы учурда стратегиялык объекттерге «Дордой» жана «Тураталы эл базары» (Кара-Суу) базарлары кирет.

Анда иштегендер 2024-жылдын 1-январынан тарта товарларды сатууда ККМ, ЭЭФ жана ЭТТК колдонуудан бошотулушат. 

Атайын салык режими пайда салыгын, сатуу салыгын, КНСти алмаштырат жана акцизделчү жана атайын лицензияларды же уруксаттарды талап кылган товарлардан тышкары, товарларды сатууга карата колдонулат.

Copyright © 2017 Maral FM