Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы: «Кара-Суу» базарынын ишкерлери ККМ колдонуудан бошотулат

Кыска кабар | 29 Ноя 2023 | 380 | 0

Мамлекеттик салык кызматы «Кара-Суу» базарында көзөмөл-кассалык аппараттарын (ККМ) орнотууга каршы чыккан ишкерлердин митингине байланыштуу маалымат берди. 

Соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, акциянын катышуучулары тараганы айтылды. 

Салык кызматы «Кара-Суу» базарынын аймагындагы бардык базарлардын ишкерлери контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу милдеттенмесинен бошотуларын билдирди. 

Салык мыйзамдарына ылайык, стратегиялык объекттерге кирген базарларда иш жүргүзгөн ишкерлер өзгөчө салык режиминде иштей алышат. Азыркы учурда стратегиялык объекттерге «Дордой» жана «Тураталы эл базары» (Кара-Суу) базарлары кирет.

Стратегиялык объекттерге кирген базарларда иштегендер 2024-жылдын 1-январынан тарта өзгөчө режимдеги зонанын ичинде товарларды сатууда ККМ, ЭЭФ жана ЭТТК колдонуудан бошотулушат. 

Атайын салык режими пайда салыгын, сатуу салыгын, КНСти алмаштырат жана акцизделчү жана атайын лицензияларды же уруксаттарды талап кылган товарлардан тышкары, товарларды сатууга карата колдонулат.

Бүгүн, 29-ноябрда Оштогу «Кара-Суу» базарында иштеген соодагерлер нааразылык акциясына чыгышты. Алар көзөмөл-кассалык аппараттарды (ККМ) милдеттүү түрдө орнотууга жана соода контейнерлерине электрондук эсеп-фактураларды колдонууга каршы болушуп, төлөм шарттары боюнча так маалымат берүүнү талап кылышты.

Copyright © 2017 Maral FM