Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө 320 миң сом пара сунуштоого шектүү веткызматкер кармалды

Кыска кабар | 30 Ноя 2023 | 134 | 0

Ак-Суу районундагы ветеринардык башкармалыктын кызматкери пара берүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын №4 бөлүмүнө Ак-Суу райондук ветеринардык башкармалыгындагы коррупция, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча маалымат түшүп, ишти иликтөө үчүн атайын кызматкерлер жөнөтүлгөн.

Текшерүү маалында районундогу ветеринардык башкармалыктын жетекчилеринин бири Ш.А. аныкталган бузууларды жашыруу, ишти жаптыруу үчүн ИИМ кызматкерине 320 миң сом пара сунуштаган.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) менен иш козголуп, шектүү Ш.А. милиция кызматкерине айтылган сумманы берип жаткан учурда колго түшкөн.

Кылмышка шектүү камакка алынып, учурда тергөө жүрүп жатканы айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM