Биз менен байланышыңыз

Айыл чарба тармагын санариптештирүү иштери жүрүп жатат

Коом | 1 Дек 2023 | 442 | 0

Бишкекте айыл чарба тармагын санариптештирүүгө багытталган эл аралык форум өттү. Анда кыймылсыз мүлктү массалык баалоо боюнча Кыргызстандын пилоттук долбоору сунушталды. Иш-чарага Түркия, Словения, Германия, Япония, Корея, Орусия, Белоруссия, Өзбекстан, Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөрдөн 170тен ашык адис катышты. Форум курулуш жана жер-мүлк маселелерин санариптештирүү боюнча дүйнөлүк тажрыйбаларды талкуулоо үчүн аянтча болот.

Бишкекте бүгүн «Мейкиндикти өнүктүрүү. Жаңы санариптик реалдуулук» аталышында эл аралык форум уюштурулду.

Анда кыймылсыз мүлктү массалык баалоо боюнча Кыргызстандын пилоттук долбоору сунушталат.

Бул долбоор кадастрдык нарктан салык алууга өтүүнүн натыйжалуулугун көрсөтүүгө багытталып, өлкөдө адилеттүү салык салуунун жаңы этабы болот.

Мүлк салыктарынын наркы мүлктүн рыноктук наркына түздөн-түз көз каранды болот.

Иш-чара чет өлкөдөн келген 170тен ашык адистин катышуусунда өттү.

Айыл чарба министринин биринчи орун басары Мурат Раматов форум айыл чарба тармагын санариптештирүү жана чет элдик тажрыйбалар менен алмашуу максатында уюштурулганын айтып, айыл чарбаны санариптештирүү күндүн талабы экенин кошумчалады.

«Бүгүнкү форум эл аралык демөөрчүлөр, коноктордун катышуусунда өтүп жатат. Иш-чара Айыл чарба министрлиги жана ага караштуу Жер ресурстары кызматынын өкүлөрү да катышууда. Учурда дүйнөдө болуп жаткан санариптешүүдөн артта калбашыбыз керек. Форумдун алкагында тажрыйба алмашуу, жаңы технологияларды жана чечимдерди кабыл алуу максаттары коюлган. Жалпысынан айыл чарба тармагында жаңы технологияларды, санариптешүүнү пайдаланып, жакшы жыйынтыктарга жетүү керек».

Министрликке караштуу Жер ресурстары кызматынын директору Асылбек Сатывалдиев айыл чарба тармагына санариптештирилген кадастрдык баалоо кызматы кирип жатканын билдирди.

Ал баалоо кызматынын негизинде салыктарды жыйноо кыйла жеңилдешин белгиледи.

Сатывалдиев кадастрдык баалоо эмне үчүн керек экенин айтып берди.

«Форум негизинен кадастрдык баалоого багытталган. Кадастрдык баалоону Кыргызстанда ишке ашырайын дегенбиз. Кадастрдык баалоону киргизүүнү Бишкек шаарынан баштоону пландап жатабыз. Аларды коммерциялык объекттерге багыттайбыз. Себеби бүгүнкү күндө көп салыктар төлөнбөй калууда. Бул баалоону коммерциялык мекемелерге киргизсек, өлкөнүн бюджетинин көбөйүшүнө салым кошот деген ишеничтебиз».

Аталган кызматтын директору Сатывалдиев кадастрдык баалоону коммерциялык мекемелерде эле эмес, жеке турак жайларда да ишке ашыруу пландалып жатканын кошумчалады.

«Мындан тышкары жеке турак жайларга да киргизели деп жатабыз. Бирок бардык турак жайлар киргизилбейт. Мисалы 150-200 квадрат метрден жогору турак жайлар кирет. Себеби коммуналдык кызматка кошулган, мисалы суу, газ, свети бар жайлар болуш керек. Бүгүнкү форумда 14 мамлекеттен адистер келип катышууда. Биз башка мамлекеттердин тажрыйбасын алайын деп жатабыз».

Форумдун уюштуруучуларынын бири Орусиянын «Абуко» кадастрдык баалоо боюнча бюджеттик мекемелер ассоциациясы.

Ассоциациянын төрагасы Искандер Мелдебеков мындай кадастрдык баалоону киргизүү адилеттүү салык системасын ишке ашырууга жардам берерин белгиледи.

Ошондой эле ал форум курулуш жана жер-мүлк маселелерин санариптештирүү боюнча дүйнөлүк тажрыйбаларды талкуулоо үчүн аянтча болорун айтты.

«Форумдун башкы максаттарынын бири — жер жана мүлк мамилелери чөйрөсүндө санариптик трансформация маселелери боюнча башка өлкөлөр менен байланыштарды бекемдөө жана өз ара мамилелерди түзүү болуп саналат. Төмөн бааланган мүлк ээлеринин мүлк салыгы кымбат баалуу мүлккө караганда төмөн болушу керек. Демек, кыймылсыз мүлк канчалык арзан болсо, салык ошончолук аз болот. Бул болсо адилеттүү салык системасын түзүүгө чоң салым кошот».

Форум Министрлер кабинети, Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы жана Орусиянын кадастрдык баалоо боюнча бюджеттик мекемелер ассоциациясы тарабынан уюштурулду.

Иш-чарага жалпы 14 мамлекеттен келген 170 тен ашык адис катышты.

Жер ресурстары кызматынын маалыматына караганда, элге жеткиликтүү кызмат көрсөтүү максатында «Кадастр» мекемеси бүгүнкү күндө 90 пайыз санариптештирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM