Биз менен байланышыңыз

АКШнын экс-мамлекеттик катчысы Генри Киссинжер ааламдан өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Ноя 2023 | 656 | 0

АКШнын экс-мамлекеттик катчысы Генри Киссинжер ааламдан өттү. Ал 100 жашта болчу.

Киссинжерге таандык делген Kissinger Associates мекемесинин маалыматына караганда, экс-мамлекеттик катчы Коннектикут штатындагы үйүндө көз жумду.

Генри Киссинжер 1923-жылы 27-майда Германияда жөөт үй-бүлөсүндө туулган. 1938-жылы анын үй-бүлөсү фашисттик режимдин кысымынан улам, АКШга көчүп кеткен. Киссинжердин саясий карьерасы 1960-жылдары башталган.

Генри Киссинжер 1969–1977-жылдары АКШ президенттери Ричар Никсон менен Жералд Форддун улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси болгон. Кийин мамлекеттик катчы катары АКШ менен СССРдин жана Кытайдын ортосундагы алаканы жумшарткан саясаттын түптөөчүлөрүнүн бири болгон.

«Челнок дипломатиясы» (үчүнчү өлкөнүн катышуусунда маселени чечүү) түшүнүгү Генри Киссинжер менен байланыштырылып, ал АКШнын тышкы саясатынын «атасы» деп да аталган.

Киссинжер АКШ менен СССР ортосундагы «кансыз согушту» жөнгө салган, Палестина-Израил маселесинде да негизги сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Ошондой эле 1973-жылы Вьетнамдагы согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол коюп, бул эмгеги үчүн ал Нобелдин тынчтык сыйлыгына татыган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM