Connect with us

Бишкекке автобустарды сатып алууга 8,8 млрд сом бөлүнгөн

Кыска кабар | 30 Ноя 2023 | 255 | 0

Бишкек шаарына автобустарды сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 8,8 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Министрлер кабинети тарабынан 2023-жылга Бишкек шаарынын мэриясына автобустарды сатып алууга 3 млрд 806 млн сом өлчөмүндө каражат каралган.

Ошол эле учурда 2023-жылдын 15-мартындагы ZHOHNTOHG BUS HOLDING CO LTD менен түзүлгөн келишимге ылайык, Кытай тарап Кыргызстанга 86,5 млн долларга 1000 даана автобусту камсыздап берет. Анын ичинен 500ү 2023-жылы, калган 500 автобусту 2024-жылы алып келүүсү күтүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Финансы министрлиги келишимге жана графикке ылайык 4 513,8 млн сом каржылады.

Мындан тышкары, «2024-жылга жана 2025-2026-жылдарга республикалык бюджеттин пландаштыруу мезгили жөнүндө» мыйзамдын долбоорунда Бишкек шаарынын мэриясына автобустарды сатып алууга 4 339,2 млн сом өлчөмүндө каражат каралган, анын 1 164,9 млн сому бажы төлөмдөрүнө, калган 3 174,3 млн сому келишимден калган сумма.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM