Биз менен байланышыңыз

Назарбаев жаңы китебинде экинчи үй-бүлөсү, эки уулу тууралуу айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Ноя 2023 | 850 | 0

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин «Менин жашоом» аттуу биографиялык китеби сатыкка чыкты. Анда Назарбаев өзүнүн экинчи жубайы Асел Исабаева жана эки уулу тууралуу да маалымат берди.

Назарбаевдин бул китебинде анын саясаттагы жолу, өлкөдөгү саясий окуялар жана жеке жашоосу тууралуу кеңири баяндалган.

Нурсултан Назарбаев китебинде экинчи жубайы Асел Исабаеваны алгачкы жолу Талдыкорган аба майданында көргөнүн жазган.

«Мамлекет жетекчиси аймактарга иш сапары менен барганда дайыма аба майдандан сулуу кыздар гүл менен күтүп алат эмеспи. Эми бул бизге сиңип калган жакшы адаттардын бири. Талдыкорганга барганыбызда траптын жанында татынакай кыз гүл кармап туруптур. Шыңга бойлуу кыздын ажарлуу жүзү көпкө чейин көз алдымдан кетпей койду», — деп эскерет Назарбаев.

Андан ары Назарбаев Асел Исабаеванын «Казакстан сулуусу» сынагына катышып жатканын угуп, аны менен жолуккан.

«Асел менен тааныштык. Бул өз ара симпатияга айланды. Андан ары жакын тааныш болуп, жолуга баштадык. Аселдин тышкы келбетинен да, сүйлөгөн сөздөрүнөн да өзүм издеген көп сапаттарды көрдүм. Эң негизгиси мен көп жылдар бою сүрүп келген руханий жалгыздыктан кутулдум. Биз аны менен шарият жолунда никеге турдук. Асел мага эки уул тартуулады. Тауман 2005-жылы, Байкен 2008-жылы төрөлдү. 65 жашымда кайрадан ата болдум», — деп жазган Назарбаев.

Назарбаев расмий никедеги жубайы Сара аны туура түшүнгөнүн жана аны кечиргенин айткан.

«Менин жаш кезимден бери мага таяныч болгон, үч кызым — Дарига, Динара, Алиянын апасы Сарага өмүр бою ыраазымын, ага дайыма камкордук көрдүм. Бул оор жашоодо, тагдырымдагы бурулуш учурунда ал мени туура түшүнүп, кечирди. Тун уулум Тауман төрөлгөндөн кийин, мен Алматыга келип, Сарадан кечирим сурап, баарын ачык айттым. Ал ошондо да өзүнүн ак сөөктүгүн көрсөтүп, «Балада эч кандай айып жок, ал күнөөсүз периште. Бактылуу болсун», — деди. Кыздарым да мени туура түшүндү» — деген Казакстандын туңгуч президенти.

«Мына ушундай достор, Мен бүгүн акыйкатты айттым. Муну кандай кабыл аласыз, кандай карайсыз, ал сизге байланыштуу. Бул жашоо. Такыр четке кага албай турган чындык бар. Ал чындык, жүрөгүңүзгө эч кандай буйрук бере албайсыз»,  — деп жыйынтыктаган.

Назарбаевдин экинчи үй-бүлөсү тууралуу буга чейин да бир топ сөз болгон. Бирок расмий түрдө тастыктала элек болчу. Анын жубайы Асел Исабаева тууралуу эң алгач анын мурунку күйөө баласы, оппозициячыл саясатчы Рахат Алиев 2012-жылы айтып чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM