Биз менен байланышыңыз

Европа өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 70 млн евро бөлөт

Кыска кабар | 29 Ноя 2023 | 241 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Лондон шаарында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одиль Рено-Бассо менен жолукту.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандын көп жылдык өнөктөшү.

Банктын президенти эки тараптуу кызматташуу мындан ары жемиштүү уланарын билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо банкынын ортосунда төмөндөгү документтерге кол коюлду:

⁃ “Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоо, ал Балбай баатыр айылынан – Каракол шаарына чейин” (47,3 млн евро);

⁃ “Кыргыз Республикасынын электр камсыздоосун санариптештирүү” (14,63 млн евро);

⁃ “Базар-Коргон шаарын суу менен камсыздоо тутумдарын реабилитациялоо” (8,5 млн евро).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM